“КТ Мобайл” тегерегинде ким жана эмне үчүн ызы-чуу салууда?!

302

Almaz Alinurov‎ аттуу фейсбук колдонуучусу АКЫРКЫ МААЛЫМАТТАР группасына төмөндөгүдөй пикирин жазды:

“КТ Мобайл” тегерегинде ким жана эмне үчүн ызы-чуу салууда?! Социалдык тармактарда эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов «Ошка» компаниясы менен эбактан бери кызматташып келери тууралуу маалымат кызуу талкууда. Тагыраагы ушул себептен улам ал “КТ Мобайл” боюнча чууну көбүртүп-жабыртып, келечекте “Ошкага” атаандаш боло ала турган оюнчунун көзүн азыртан тазалап коюуну көздөп жатат.

Атамекенчилер уюлдук компанияларга жакын келишерин кабары бар адамдар жакшы билишет. Шыкмаматов да четте калбайт. Көпчүлүккө белгилүү болгондой, ал “Ошканын” баш директору Чукин менен дос жана анын күүлдөгөн мекенчил ой-жүгүртүүлөрүнүн артында “өз компаниясына” ар тараптуу жан тартуу, аны түрдүү маселелерден, анын ичинде атаандаштыктан калкалоо мотиви турушу толук мүмкүн. Буга жеке мамиленин тиешеси жок, бул жөн гана бизнес.

Мобилдик байланыш рыногунун “аксакал” оюнчуларына, ошондой эле “Ошкага” да жаңы катышуучунун кереги жок. Эч ким өз ырыскысы менен бөлүшкүсү келбейт. Ушундан улам “КТ Мобайл” ишин жаптыруу үчүн бардык ыкмалар ыңгайлуу болуп турган чагы. Бул жерде эмне тууралуу, канча кааласаң айта берсең болот, бирок максат жана мотив бир – учурдагы операторлордун монополиялык абалын сактап калуу.

Шыкмаматов бул лобби кылууда таптакыр эле жалгыз эмес экендигин эске алсак жагдай түшүнүктүү болот. Уюлдук компанияларды күйүп-жанып лобби кылгандардын арасында өкмөткө кескин сынчы Мирлан Жээнчороев бар, ал өз заказчиги «Альфателеком» («Мегаком» бренди) компаниясынын кызыкчылыктарын коргоп жатат. Уюлдук байланышчылар менен анын кандай тиешеси бар?

Жооп эң жөнөкөй: «Скай Мобайл» компаниясы казак олигархы Булат Утемуратовго таандык, өз кезегинде анын «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен жакын мамилеси бар. Ошентип, “КТ Мобайлдын” тегерегинде ызы-чуу салгандардын арасында эл өкүлү Жээнчороевдин үнү бийик чыгып жатканы таң калышту деле эмес. “Республика” фракциясынын мурдагы депутаты, учурда “Мегаком” мамкомпаниясынын директору Акылбек Жамангуловдун аракеттери дагы таң калтырбайт. Ал ушунча күндөн бери Интернетте фейк маалыматтарды жайылтуу менен алектенип, «КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссияны түзүү демилгесинин жаралышына өзүнүн салымын кошту.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь