Кызды куткарууга ӨКМ өтүгү жок келди (ВИДЕО, ФОТО)

220

Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында кечээ 17-май күнү 5 жаштагы кыз Он-Арча суусуна түшүп кеткен боюнча дайынсыз. Учурда Жан-Булак, Учкун, Куланак, 8-март, Пионер айылдарынын аймагына чейин 100гө чукул Миң-Булактыктар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми өз убагында Нарын облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкы башкармалыгына маалымат келип түшкөнү менен 2 куткаруучу келип кайра кетип калышкан.

Аймактык кабарчыбыз маалымдагандай, азыркы саатка алганда ӨКМдин экинчи тобу дагы келип издөөгө киришти.

Бул боюнча ӨКМдин маалымат кызматынан Элмира Шерипова билдиргендей, кызды издөө иштерине 15 куткаруучу тартылып издөө иштери уланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь