Момбеков: Калган менин бир тууганым болсо табып атып сала берсин! Мен макулмун!

427

“Менин бир дагы бир тууганым мамлекеттик кызматта иштеген эмес, иштебейт дагы!”, – деп билдирди eldik.media га Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков.

Буга чейин интернетте Момбековдун бир тууган иниси “Түндүк электр”ишканасынын Талас районундагы жетекчиси деген маалымат тараган. Анын бул кызматка келишине Момбековдун кийлигишүүсү болгон деп айтылган.

Депутат бул маалыматты төгүндөп, фейк деп атады. Мунун себебин ал өкмөт башчынын бир тууганын (Азиз Дуйшекеевич) Саламаттыкты сактоо министрлигинде майлуу кызматта отурат деп айтып чыккандыгына байланыштырды.

2 агам 2 иним бар. Бир агам былтыр оорудан дүйнө салды, бир агам тээ мурунтан эле Шекер айылындагы мектепте мугалим болуп иштейт. Калган экөөсү эч жумушта жок. Калган менин бир тууганым болсо табып атып сала берсин! Мен макулмун! “

Эгерде мамлекеттик кызматты ээлеп турган бир тууганым болсо мурда эле мени кысымга алышмак деп кошумчалады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь