Баткен районунун Бужун айылынын тургуну Нурмухамед Тилеков өзүнүн короосунда ташкордо жасап, балык чарбасын иштетип киреше таап келет.
Анын айтымында, таш кордо жасап бир айда 50-60 миң сом киреше тапса, сезон мезгилинде майрам күндөрү 22-23 таш кордого буйрутма алып бул сумманы 3 күндө эле тапканга жетишет.
«Таш кордо жасоону Саатбек деген ашпозчу тааныш агамдан үйрөнгөм. 3 жылдан бери жасап, учурда кардарлардын саны да көбөйүп калды. Кардарлар негизинен Баткен району, Ош, Кызыл-Кыя аймактарынан буйрутма беришет. Эгерде малды өзү алып келсе, таш кордо жасагандыгым үчүн 2000 сом акы алабыз», – деди ал.
Мындан тышкары элеттик ишкер, көлмө жасап балык да өстүрөт. 5 кг балык чабактарынан өстүрүп, азыр 100 кгдан ашты. Балык көлмөсүнүн жалпы аянты 3 сотых жерди ээлейт.
«Мен өзү балык кармоого кызыгат болчумун. Жаныбызда кытайлар кошуна жашап алардын “корооңо балык чарба кылсаң болот экен” деген пикирлерин угуп, ойлонуп отуруп, 3 сотых жерди казып топурагын алып салып, ага суу толтурдум. Атайын көлмө кылып ага балыктын чабактарын Өзгөндөгү балык чарбасынан сатып алып келгенмин. Учурда балыктын көбөйүүcү жакшы. Ошондон бери балыктар жакшы өсүп, киреше алып келүүдө. Ар бири өтө көп урук таштагандыктан санын билбейм. Балыктардын салмагы 1 кг 8 кг чейин.
Балыктан жакшы киреше түшөт. Алгач ар бир бышырган балыкты 500 сомдон жогору сатып, үй-бүлөлүк кирешемди толуктап келгем. Азыр сатыкка чыгарбастан көбөйтүүнүн аракетин көрүп жатам”, – дейт Нурмухамед Тилеков.