Президент: Эми жорук жасаган жаран менен кылмыш жасаган жаранды жазалоо айырмаланат

332

«Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — сот адилеттигин орнотуу, жарандарыбыздын укугун коргоо. Сот реформасы — учурдагы эң чоң маселе», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы 2019-жылдан тарта жаӊы кодекстер жана мыйзамдар иштей баштагандыгын эске салды. Алар укук коргоо органдарынын, сот бийлигинин ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылууга, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга багытталган.

«Жоруктарды кылмыштардын катарынан чыгарып, гуманизациялоо жолу менен жоруктарга айландыруу багытында Жоруктар кодекси ишке кирди. Жаңы Кодексте жоруктарды жасагандарга эркиндигинен ажыратуу каралган эмес, айып пул, коомдук жана түзөтүү иштери каралган. Мурда болсо мындай жоруктар оор кылмыштар менен бирдей каралып, тергөө 2-3 жылдап созулуп жүргөн. Озгөчө жаштар жолунан адашып, жоруктар үчүн оор кылмышкерлер менен катар түрмөгө камалып, ал чөйрөнүн адамы болуп калууда. Эми жорук жасаган жаран менен кылмыш жасаган жаранды жазалоо айырмаланат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь