“Альфа Телеком” (MegaCom) компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангуловдун эмгек жолу 15 жашында эле башталган. Ал Балыкчыдагы “Көк-Ойрок” ликер-арак заводунда иштеп, 17 жашында “Альфа Ширсфилд Аудит” ишканасынын кардарларды тартуу бөлүмүнө ишке орношкон. 18 жашында “Альфа Маркетинг” ЖЧКсында коомчулук менен байланышуу боюнча менеджер болуп иштей баштаган.
Ал эми анын атасы ишкер Жекшен Жамангулов спирт жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү, сактоо жана жүгүртүү мамлекеттик агенттигинин директору болгон. Ошондой эле ал Балыкчыдагы ликер-арак заводун негиздеген компаниялардын бирин жетектеген.
Жамангуловдун өкүл атасы Эрик Шайдинов, 2011-2013-жылдары “Манас” аба майданын жетектеген. Ошол эле жылдары Жамангулов аэропорттун башкаруу кеңешинин мүчөсү, жетекчинин жардамчысы болгон.