Райымбек Матраимов Жогорку Соттон колдоо тапты

220

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Жогорку Соттон утуп алды. Жогорку Сот Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча Бишкек шаардык соту менен Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Арыз 17-майда Матраимовдун иши каралып, жарандык иштер боюнча соттук коллегия буга чейинки чечимдерди күчүндө калтырды.

Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында бошотулган. Өкмөт бул чечимге “Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет” деген жүйө келтирген.

Кийин ал иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан. Бул чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь