Россиянын Мурино шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдындагы курулуш жүрүп жаткан жерден эркек кишинин жансыз денеси табылды.
Казуу иштерин жүргүзүп жаткан учурда 1990-жылы туулган Кыргызстандын жашоочусунун сөөгүн кошо алып чыккан. Алдын-ала маалыматтар боюнча маркум күч колдонулуп каза болгон. Буттары электр туташтыргычтар менен байланып, баш сөөгү сынган.
Мигрант акыркы учурда “Мегаполис” компаниясында иштеп жаткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.