Жалал-Абад шаарындагы жер алдындагы өтмөк жайы тазаланып, дубалдары жуулуп жатат. Мындай саамалык өткөрмө жайы ачылгандан бери алгачкы ирет өтүүдө.
Белгилей кетсек, апта башында eldik.media Жалал-Абад шаарындагы өткөрмө жайы тууралуу макала жарыялап, анда калаа тургундары бул жайды таза кармабай, дубалдарын булгап, таман издерин калтырып кетип жаткандыгын жазган.