Төө-Ашуунун тоннелинде эки унаа кагышып, беш адам жабыркады

112

Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашуудагы тоннелде эки автоунаа кагышып, кырсыктан беш адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя бүгүн 18-майда Төө-Ашуудагы тоннелдин ичинде болгон.

Mercedes-Benz менен Toyota Ist жеңил машиналары сүзүшүп, “Тойотадагы” беш адам ар кандай жараат алган. Куткаруучулар тоннелден жабыркагандарды алып чыгып, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүшкөн. Андан соң Кара-Балта шаарындагы ооруканага жеткирилген.

“Мерседес-Бенцтеги” үч адам жабыркаган эмес.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь