Баткен областынын Кадамжай районунун Халмион айылындагы мал базар 7 жылдан бери жеке ишкер менен жергиликтүү бийликтин талашында келе жатат. Бул тууралуу окурман элдк.медиага билдирди.
Ал эми Халмион айылдык кеңештин депутаттары: «Аталган мал базар унаа тыгын пайда кылат. Соодагерлер, алармандар ар жума сайын унаалары менен келишет. Жолдун эки тарабы тең унааларга толуп, ары-бери өткөндөргө, жөө жүргүнчүлөргө кооптуулук жаралат. Мындан улам мал базарды Кадамжайдагы «Ноогардан» базарына көчүрүүнү талап кылып жатабыз. Бирок жеке ишкер, мал базардын ээси айыл өкмөттүн айтканына баш ийбей жатат», – деди Халмион айылдык кеңешинин төрагасы Улан Матажиев.