Индонезиянын Түндүк Суматра аймагында бир абактан 154 кылмышкер качып кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда,абакта тинтүү учурунда бир кылмышкерден баңгизат табылып, ошол учурда башка айыпкерлер түрмөнү өрттөө жолу менен баш аламандык уюштуруп, натыйжада 154 адам качып кеткен.
Учурда жергиликтүү полиция качкындардын көпчүлүгүгүн кармап, калган 51 айыпкерге издөө иштери кызуу жүрүп жатканын айтышкан.