Бажачыл Абылгазиевдин оордуна чарбачыл Мырзакматов келсе эле өнүгөбүзбү? Социалдык тармактарда азыр иштеп жаткан өкмөт башчынын оордуна талапкерлерди талкуулай башташты.

1 927

“КТ-Мобайл” чырына байланыштуу өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев отставкага кетиши керек деген пикирлер социалдык тармактарда орун алууда. Мындай билдирүүлөрдү бир катар депутаттар да жасашты. Учурда депутаттык комиссия түзүлүп бул маселени иликтеп жатат.
Ал ортодо кызматында иштеп жаткан Премьер-министрдин оордуна тигил же бул келсин деген сунуштар да айтылып жатат. Анын арасында Оштун мурдагы мэри, учурда кылмыш иши козголуп чет жакта качып жүргөн Мелис Мырзакматовдун дагы аты аталып жатат.
Фейсбуук колдонуучусу Байчоро Мамазакирович “Бажачыл премьер-министр Абылгазиев кетип,оордуна чарбачыл,патриот Мелис Мырзакматов келүүсү зарыл!-деген пикирип чоң талкууга алынууда.

Бажачыл премьер министр Абылгазиев кетип,оордуна чарбачыл,патриот Мелис Мырзакматов келуусу зарыл!Уч ай отбой онугуу…

تم النشر بواسطة ‏‎Байчоро Мамазакирович‎‏ في السبت، ١٨ مايو ٢٠١٩

Талкуудагы пикирлерде көпчүлүк Мырзакматовдун Ошту башкарып тургандагы эмгектерин айтып, өкмөт башчы катары мыкты иштеп бермек деген пикирин билдирип жатат. Бирок арасында экс-мэрдин өкмөт башчы болуп келүүсүнө ичи чыкпагандар дагы бар.

Белгилей кетсек 2014-жылдын ноябрь айынын аягында Башкы прокуратуранын Ош облусу жана Ош шаары боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын мурунку жетекчилигине карата козголгон кылмыш боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгы маалымдалган. Экс-мэрге Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушуна байланыштуу кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, М.Мырзакматов менен Ош шаардык мэриясынын башка жетекчилери максатсыз экономикалык долбоор менен мамлекетке 29 млн сомдон ашуун зыян келтирген. Иш козголгон соң М.Мырзакматовго издөө жарыяланган.

Комментарии

  1. Мелис Мырзакматов премьер-министр эмес президент болсо жарашчуудай.
    Башка министр же депутаттардай кагаздагы жазылууну окуп айтып бербейт. Козу мн коргонду ,мееси мн туйганды трибунада туруп айттчу.
    Анан дагы Оштогу эстакада копуросун Мелис Мырзакматов корсоткон проект мн салганда заманбап болмок. Мелис Мырзакматов жактырган проект мн копуро курулбай Айтмамат Кадырбаевтин халтура копуросу “эптеп -септеп” деген копуро болуп курулуп бутту. Копуро бутконуно 1жыл болбой жатып жарылып жарака кетти чынбы ? Аны эмнеге айтпайсынар …
    Эгер Мелистин проекти мн буткондо 1 жыл эмес 5,6 жылда да жарылып жарака кетмек эмес.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь