17-майда катуу жааган жамгырдан улам Баткен облусунун айрым аймактарында сел жүрдү.
Маалыматтарга караганда, Лейлек районунун Ак-Терек айылында кечки саат 17:00- чамасында катуу жаан жаап, сел жүргөн. Анын кесепетинен ички жолдорду, сел алып кеткен. Ошондой эле 10дон ашуун турак жайларга зыян келтирген.
«Ош—Исфана унаа жолунун үч жерин каптап, жол каттамы токтогон. Ошол эле күнү жол тейлөө ишканасынан бир техника жана айыл өкмөтү тарабынан бир техника алынып келип, аталган жол тазаланып, каттам ачылган. Бүгүн, 18-майда ички жолдор, ички арыктар жана турак жайларды тазалоо иштери жүрүп жатат», – деди Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Кадыров.
Баткен районунун Кара-Бак айылында да сел жүрүп, мал-жандыктарды агызган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жашоочулар бир баш бодо малды селден сактап калышты.