Жээнбеков Москва шаарындагы капчык ээсин 8 саат күткөн мигранттын апасын куттуктады

2018- жылдын аягында Кайрат Тентимишевдин нысаптуулугу тууралуу чет элдик маалымат булактары дагы жазып КМШ өлкөлөрүнө тараган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнүнө карата Москвада кардардын унутуп кеткен капчыгын кайтарган таксист Кайрат Тентимишевдин апасына бүгүн ыраазычылык кат тапшырды.

Маалыматта караганда, 18-майда президент көп балалуу 9 апаны Баатыр эне ордени жана өлкөнүн намысын коргоп жүргөн татыктуу жаштардын энелерин ыраазычылык каттар менен сыйлаган. Ошолор менен бирге  Москвада капчыгын унутуп кеткен кардарын 8 саат күтүп кайтарып берген кыргызстандык мигранттын апасы да сыйланды.

“Президент чет өлкөдө эмгектенип, өзүнүн жасаган жакшы иши менен жалпы Кыргызстан эли үчүн сый жана ишеним алып келген Кайрат Тентимишевдин апасы Клара Тентимишевага алкыш айтуу менен ыраазычылык кат тапшырды”, — деп жазылат маалыматта.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь