Казакстандын Түркестан облусуна жаңы аэропорт салынат. Өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин эл аралык TurkistanInternationalAirport аба майданынын пайдубалынын түптөлүшүнө капсула салды.
Жаңы аба майданын түрк компаниясы салып, бир жарым жылдын ичинде бүтүрүүнү пландап жатат.
Ага ылайык, аэропортту YDA Holding түрк компаниясы куруп, 70 миллион доллардан ашык инвестиция салынат.
Ошондой эле, аэропорт эл аралык стандарттарга ылайык салынып, акыркы заманбап технологиялар колдонулат. 2020-жылдын аягында ачылышы пландалган аба майдан бир жылда 3 миллион жүргүнчү тейлегенге мүмкүнчүлүгү жетээри айтылууда.