Кыргыз-казак чек арасында эмнеге чыр чыкты? (Видео)

332

“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктундагы кезектен улам айдоочулар менен чек арачылар ортосунда пикир келишпестик пайда болгон видео интернетке тараган.

Тасмадан чек арачылар менен унаа ээлеринин топтолуп алып ызылдашып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы учурда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү бекетинде 50дөй унаа кезекте турганын тастыктады.

“Азыр 50дөй жүк ташуучу унаа “Ак-Тилек” бекетинде турат. Алардын саны кээде азайып, кээде көбөйүп калып жатат. Бирок 100дөн ашпай эле. Алардын саны унаалардын агымына жараша болууда. Кыргыз тарап штаттык режимде иштеп, тоскоолдуксуз өткөрүүдө. Казакстандык чек арачылар болсо текшерүүнүн бир нече түрүн аткарышууда”, — деп мекемеден билдиришти.

Эске салсак, аталган көзөмөл өткөрүү пунктунда ушул жылдын март айында казак тарап фураларды тыкыр көзөмөлгө алган. Андан көп өтпөй эки жүздөн ашык фуранын узун кезеги пайда болгон. Мамлекеттик чек ара кызматы мындай абалдын жаралышына казак тараптын Кыргызстандын товарларын тыкыр көзөмөлдөп жатканы себеп болгонун билдирген.

Мындан улам Кыргызстандын Экономика министрлиги ЕЭКтеги министрлерди чакыртып алууну сунуштаган. Кийин апрель айынын башында кырдаал жөнгө салынып, өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштаган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь