18-май күнү Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен. Аталаган жерге 16 куткаруучу, ИИМдин 7 кызматкери ошондой эле жергилүктүү тургундардан 150 адам тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бирок, тилекке каршы жакшы жыйынтык болгон эмес. Издөө иштеринин жүрүшүндө Куланак айылында Нарын дарыясында белгисиз адамдын чирип калган сөөгү табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Башкы бет ЭЛДИК КАБАР Сууга түшүп кеткен кызды издеген куткаруучулар чирип калган адамдын сөөгүн табышты