Президент Сооронбай Жээнбеков: “Эненин күнүмдүк түйшүгү, аркалаган жүгү – баардык иштен салмактуу  жана жооптуу”

219

 

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады.

“Урматтуу энелер!

Сиздерди Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүгүнкү майрам баарыбызга кымбат. Бул күнү биз ак элечек энелерибизге, ак жоолукчан апаларыбызга урмат көрсөтүп, алардын ысык мээримине, чексиз кайратына дагы бир ирет таазим этебиз.

Бул  дүйнөдө Энеден өткөн ыйык түшүнүк жок.

Ар бир адамдын мүнөзүнүн, инсандык сапатынын, турмуш сапарынын  артында эненин мээрими, насааты жана таалим-тарбиясы турат.

Эненин күнүмдүк түйшүгү, аркалаган жүгү – баардык иштен салмактуу  жана жооптуу.

Урматтуу энелер! Сиздерге кандай алкыш сөз айтпайлы, кандай гана сый-урмат көрсөтпөйлү, баары теӊ аздык кылат.

Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк чексиз бакыт каалаймын!

Баладан урмат, элден сый, жашоодон жыргал көрүңүздөр.

Үйүңүздөр баланын бактылуу үнүнө толуп, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин! Майрамыңыздар кут болсун!”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь