Түркмөнстандын Ашхабад шаарында кыймылсы мүлктөр эмнеге арзандап жатат?

275

Ашхабадда акыркы жылы кыймылсыз мүлккө болгон 30% чейин түшүп кетти.  Түркмөнстан борборунда 45 миң доллар турган эки бөлмөлүү батирлер 30-35 миң долларга чейин төмөндөдү.

Жергиликтүү байкоочулардын баамында, бул өлкөдөгү экономикалык каатчылык жана тышкы миграция агымынын көбөйүшү менен байланыштуу.

Бул арада кыймылсыз мүлктөрдү сатуу жоболору татаалдаштырылды. “Сатуу-алуу же алмашууга байланышкан бардык операцияларды Юстиция министрлигинин алдындагы кызматка каттатуу милдеттендирилди. Бул кызматты чет өлкөгө чыгып кеткендер өтө көп болуп жаткандыктан, турак-жайларды сатууну кыйындатуу үчүн ачышты”, – деп жазылат айрым маалымат булактарында

Буга чейин Түркмөнстандан Орусияга кетүүнү каалагандар көбөйгөнү кабарланган. Бир нече айдан бери Ашхабаддагы Орусия элчилигинин алдында бул өлкөгө бааруу үчүн документ тапшырган түркмөнстандыктардын узун кезеги пайда болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь