Ысык-Көлдөгү коопсуздукту туристтик милиция дагы көзөмөлдөйт

140

Ысык-Көлдө быйыл жайкы мезгилде чет мамлекеттерден келген эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга туристтик милиция кызматкерлери тартылат. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБнын  башчысы Улан Асанбаев кабарлады.

Маалыматка караганда,  жалпы 900 кызматкер иштесе, алардын 22си туристтик милиция жайкы сезондо тартапти көзөмөлдөйт.

Учурда аталган мекеменин өкүлдөрү толук кандуу даяр, алар атайын тандоодон өткөндөр. Жогорку билимдүү, чет тилдерин билишет жане жоопкерчиликтүү деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кече  Чолпон-Ата шаарынын ат майданында «Ысык-Көл 2019» эл аралык туристтик жарманкеси өтүп, жайкы эс алуу сезонунун расмий ачылышы болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь