4 балалуу жалгыз бой эненин үйү өрттөнүп кетти

385

Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жалгыз бой эненин үйүндө өрт чыкты. Аймактык кабарчы билдиргендей, окуя 14-май күнү болгон.

Үй ээси Асел Өмүралиеванын айтымында, өрт чыккан учурда өзү жумушта болсо, балдары көчөдө ойноп жүргөн.

«3 жыл мурун жолдошум каза болуп калган. Балдарымды жалгыз тарбиялап, ашпозчу болуп иштейм. Эмгек акым тамак-ашка жана күндөлүк керектөөлөргө эле жетет. Кайын энемдин үйүндө жашачубуз, үй эскирип калган. Аны оңдотууга акчам жок болчу. 14-майда күндөгүдөй эле жумушта болчумун, үйгө саат 7-8 чамасында келем. Ал күнү бактыга жараша балдарым көчөдө ойноп жүрүшүптүр, адатта үйдө отурушчу. Электр зымдары туташып, үйдө өрт башталыптыр. Кошуналар түтүндү көрүп, өрттү өчүрүшүптүр. Бирок жууркандар, балдардын кийимдери жана башкалар күйүп кетиптир. Күйүк жыттанып, үйдө жашоого мүмкүн болбой калды. Ошондуктан учурда жайкы ашканада жашап жатабыз. Кышында кайда барабыз билбейм», – дейт ал.

Асел Өмүралиеванын балдары 14, 10, 8 жана 6 жашта. Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын башчысы Максат Сарбагышевдин айтымында, бул маселе айылдык кеңештин депутаттарынын күн тартибине коюлду. Кезектеги сессияда жардам берүү маселеси чечилет.

Асел Өмүралиевага жардам берүүнү каалагандар болсо  (0700)127430, (0705)204559 телефон номурлары аркылуу байланышсаңыздар болот
Булак:  Турмуш

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь