40 жыл прокуратурада ак кызмат өтөгөн инсан

287

Баткен облусунун Лейлек районундагы «Лейлек» совхозунда жөнөкөй жумушчудан эмгек жолун баштап ,прокуратура тармагында 40иштеген Мавлян Ашимовко башкы прокурор Откурбек Жамшитовдун колунан  «Алкыш» барагын жана  «Ардактуу кызматкер» төш белгисин алды. 

Мындан тышкары прокуратура тармагындагы 40 жылдык үзурлүү эмгегинин негизинде бир катар төш белгилеринин ээси болгон. Себеби, ал  СССРдин тушунда эё оор кылмыштардын  бетин ачууга катышкан.  

 Мавлянбай Ашимов  прокуратура тармагында 40 жыл иштеп,  учурда ардактуу эс алууда.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында прокуратура тармагында эмгектенген Мавлян Ашимов бул тармактагы эмгек жолун Ыссык-Көл облусундагы Ыссык-Көл районунда тергөөчүлүктөн баштаган. Кийин Чоң-Алай, Алай, Базар-Коргон, Кара-Суу, Лейлек райондорунда Кызыл-Кыя, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында прокурор, прокурордун орун басары болуп эмгектенген.

Бул аралыкта же СССРдин тушундагы оор кылмыштардын бетин ачууга катышкан тажрыйбалуу прокурор Мавлян Ашимович 1980-жылдагы кыргыз элинин тарыхында кайгылуу оор күндөрдүн бири болуп катталган белгилүү коомдук ишмер Султан Ибраимовдун киши колдуу болуп каза болгон окуясынын бетин ачууга катышкан. Мындан тышкары 1982-1983-жылдардагы Токмоктогу эт комбинатынын жетекчилигинин уюшулган коррупциялык кылмышынын бетин ачып, мамлекетке ири суммадагы акча каражаттарын кайтарган.

Ошондой эле, 1990-жылдагы Ош шаарындагы кыргыз-өзбек жаңжалына байланыштуу мыкачылык менен өлтүрүлгөн судиянын ишин  изилдеп, анын дагы бетин ачкан.

Айрымдарга сыймыктуу, абройлуу  бул кесиптин түйшүгү да чоң. Уюшкан кылмыштуулуктун бетин ачуу, мыйзамдарды сактоого көзөмөл жүргүзүү сыяктуу иштердин артында чоң  эмгектер жатат. Дал ушундай татаал да, ары сыймыктуу да ишти аркалаган Мавлян Ашимович ардактуу эс алууга чыкты.

Булак: Баткен таңы гезити

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь