Бүгүн ак элечек апалар флешмоб өткөрдү. Бул тууралуу “Ала-Тоо айымдары” коомдук экологиялык кыймылынын төрайымы Жыпаргүл Баргибаева билдирди.
Анын маалыматына караганда “Ала-Тоо айымдары “коомдук экологиялык кыймылынын “Аялзаты дүйнөнү сактайт!”-деген ураан менен 1-форуму флешмоб менен коштолгон. Анда ак элечек энелер Энелер күнүн урматына ордо калаанын борбордук көчөлөрүнөн жүрүшкө чыгышты.
Аталган иш чара 3 баскычта уюштурулган.
1-флешмоб
2-Ак элечекти, ак шөкүлөнү жана ак жоолукту даңазалашты
3-Улуттук драмтеатрда концерттик программа коюлду.
Аталган жакшы саамалыкка кыргыздын алдыңкы айымдары жана министрликтердин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары келди. Ошодой эле Кыргызстандын аймактарындан энелерден тузүлгөн фольклордук топтор катышкан.