Анжелика Кайратова: “30 жаш, 30 ыр, 300 белек, 600 конок” Ырчы туулган күнүн өзгөчө тосуу алдында турат

443

Анжелика Кайратова үстүбүздөгү жылдын 15-июнь күнү өзүнүн туулган күнүнүн урматына отчёттук концертин берүү алдында турат. Ырчы быйыл 30 жашка чыгат. Анжелика туулган күнүндө өтүүчү концерти тууралуу:

“15-июнь! 30 ыр, 300 белек, 600 конок. “30” жаш туулган күнүмө арналган отчёттук концертке сиздерди чакырам. 30 ырдан турган шоу-программа биринчи жолу Кыргызстанда!”, -деп чыгармачылык кечеси жогорку деңгээлде өтөөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Анжелика Кайратова 1989-жылы 12-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ырчы алгач 1997-жылы чоң сахнага “Айчүрөк” эстрада театрынын курамында ырдап чыккан. Кийин 2007-жылдан тарта жеке ырчы катары эмгектене баштаган.

2017-жылдан тарта Коомдук телерадио корпорациясындагы “Бактылуу айым” берүүсүнүн алып баруучусу катары өзүн сынап бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү алып барууда.

Ырчы 2009-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

“Жылдыздар манежде” шоу сынагынын жеңүүчүсү аталган.

Айыма, Элима, Айлин аттуу 3 кыздын энеси. Жеке ишкерлик менен да ийгиликтүү алектенип келет.

Кыздары Айыма менен Элима да апасынын жолун жолдоп ырларды ырдап келет. Булак Barometr.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь