Балтыркан коругуна көчүрүлгөн бугулар байыр алып калышты (фото)

276

Балтыркан  коругуна көчүрүлгөн 9 баш Тянь-Шань бугусу аталган аймакка көнүп, жакшы байыр алып калышты. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Басма сөз кызматынын жетекчиси  Бактыбек Рысалиев  билдирди.

Маалыматка караганда, аларды аталган агенттиктин кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлгө алышууда.

Ал эми эки баш марал Сары-Челек мамлекеттик биосфералык жаратылыш коругунун аймагына өтүп кеткенин агенттиктен кошумчалады.

Эске салсак, өткөн жылы жылдын июнь айында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 9 баш Тянь-Шань бугусун Нарын облусунун Нарын мамлекеттик коругунан Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Балтыркан корукчасына көчүрүлгөн.

Көчүрүүнүн негизги максаты маралдын санын көбөйтүү, сактоо жана байыр алган жерлерин кеңейтүү болуп саналат.

Балтыркан корукчасы Авлетим токой чарбасынын аймагында орун алган, Сары-Челек биосфералык коругу менен чектешет. Калың токойлуу, деңиз денгээлинен 2 миң метр бийиктикте жайгашкан. Жалпы аянты 504 гектарды түзөт жана бугу-маралдардын жашап кетүүсүнө ыңгайлуу жер болуп эсептелет.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги реинтродукциялоонун негизинде Тянь-Шань бугусун дагы башка аймактарга  көчүрүүнү пландоодо.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь