Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан эки полковник мерт кетти. Айдоочу рулда уктап кеткен

248

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсык катталып, эки полковник каза болду. Дагы экөө катуу жаракат алышты.

Бүгүн 20-майда таңкы саат 06:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 97-чакырымында “Мазда Демио” менен жүк ташуучу унаа кагышкан.

“Мазда Демио” үлгүсүндөгү унаасында олтурган аскер кызматкерлери түштүктөн Бишкек шаарын көздөй бара жатышкан. Маалыматтарга ылайык, рулду башкарып бара жаткан айдоочу уктап кетип, токтоп турган жүк ташуучу унааны барып сүзгөн.

Башкы штабдын эки полковниги окуя болгон жерден мерт кеткен. Дагы эки офицер оор абалда ооруканага жеткирилген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь