ВИДЕО: Алтынкенде иштеген кыргыздар кытайлардын куугунтугунда

283

“Элдик Талкуу” программасына Кемин районунун тургуну, “Алтынкен” ЖЧКсына караштуу Кемин районунун Орловка айылында жайгашкан кен казуу иштеринин кызматкери Камчыбек Өмүрбеков кайрылып, ал иштеген “Алтынкен” ишканасында жетекчилик кылган кытай жарандары тараптан мыйзам бузуулар болуп, кыргыздарды ар тараптан басмырлоо күч алды дейт.

Ушул эле ишканада иштеп жаткан кытай жумушчулары Кыргыздарга караганда алда канча маянаны өйдө алаарын айткан Камчыбек, ал бир айда 30 миң сом алса, ал эми жанындагы ошол эле ишти аткарган кытай жараны 90 миңден жогору 120 миң сомго чейин айлык алаарын кошумчалады.

Эгер алар нааразычылык айтып кытайларга өйдө карай турган болсо, дароо бошоп кеткиле деген жеме угушаарын билдирди. Кыргызстандын көзгө басар компаниясы Алтынкендин ал абалын эл өкүлдөрү канча убакта бир эстеп, ал жакка баш багаарын аталган ишкананын кызматкерлеринен сурап, “депутаттар келишет” деген гана жооп менен биле алдык.

Ким, качан акыркы жолу келгенин так жооп берген адам жок. Каарманыбыз да эл камын ойлогон эл өкүлдөрү жок дегенде ишке тартылган жергиликтүүлөрдүн көйгөй турмушун сураган кайдыгер эмес жан болсо дешет. Бул программа эфирге чыгаары менен Алтынкендин директорунун биринчи орун басары Турусбек Акматов eldik.media га байланышка чыгып, бул маселе тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди. Турусбек Акматовдун айтымында учурда Орловка айылындагы кен казуу ишканасында 90 пайыз кыргыздар эмгектенет. Жергиликтүү жумушчуларбы же кытай жарандарыбы бардыгы ишканада тен укукка ээ жана аларын иш менен камсыз болуусу эки тараптуу макулдашуу менен ишке ашат. Ошондой эле, маяналары да жетишээрлик. Кытай жарандары вахта менен кыргыздарды 15 күн иштеп, 15 күн эс албай толук 30 күн иштегендиктен эки эсе жогору айлык алышат деп жооп берди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь