ВИДЕО: Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

207

Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМден кабарлады. Өзгөн райондун жашоочусу алдамчылык фактысына байланыштуу чара көрүү боюнча ички иштер органына кайрылган.

Анын айтымында 2017-жылы жакшы тааныш эмес адам ишеничине кирип, жалпы чыгымы 12миң долларлык товарын алып кеткен. Бул факт боюнча Өзгөн райондук ИИБ тарабынан кылмыш иши козголуп, окуяга байланышы бар делип январь айында Талас областынын тургунуна издөө жарыяланган.

Шектүү жаран качып кетүүгө аракет кылганына карабастан 19-май күнү кармалды. Кармалган адам Өзгөн райондук ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь