ВИДЕО: Коопсуздук кызматынын полковнигинин үйүнөн бир жарым КамАЗ акча табылды

262

Интернетте Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын полковниги Кирилл Черкалиндин үйүн тинтүү учурундагы видео жарыяланды. Анын батирин атайын кызматтар  тинткен учурда пачкалаган акчалар жана баалуу буюмдар таблып, жалпы суммасы 12 миллиарддан ашык рубль түзгөн.

Орусиянын маалымат каражаттары жазгандай, бул акчаны алып чыгыш үчүн самосвалдар керектелет. Порталдын эсебине караганда 1000 рублдиктен 12 миллиард рублди эсептегенде болжол менен 12,48 тонна болот.

Кирил Черкалин 850миң доллар пара алды делип кармалган. Андан тышкары анын мурунку кол астында иштеген кызматкерлерин кошо камакка алган. Черкалин 23-июнга чейин СИЗОдо  болот.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь