Депутат Мавлянова кыздарды ачык жана чыпташкан үлпөт көйнөктөрдү кийбөөгө чакырды

145

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова кыргызстандык кыздарды ачык жана чыпташкан үлпөт көйнөгүн кийүүдөн алыс болууга чакырды. Депутат айымдын постун толук беребиз:

” Айланайын кыргыздын кымбаттуу кыздары, болочок келиндери ! Той көйнөктөрдү тандаганда төмөнкүдөй төшү, далысы ачык , чыпташып турган көйнөктөрдү албаныздарчы, кийбениздерчи. Ата-энелер ушундай той көйнөктөрүн кийүүгө уруксат бербениздерчи! Той күнү кайын журтуна биринчи көрүнөт. Ата энеси, чоң ата , чоң энелер назар салат. Кыргызда кыздар, келиндер, жарым жыланачтанып кийинген эмес, анын үстүнө үйлөнүү той күнү! Кылымдар карыткан кыргыздын улуу салттарын сактайлы. Улууларды урматтап, бир аз тартынуу менен мамиле жасоону уйротолу кыздарыбызга. Европанын өзүн алып жүрүүдөгү, кийим кийинүүдөгү демократиясы бизге туура келбешин балдар, кыздарыбызга түшүндүрүп, чыныгы кыргыздын улуу баалуулуктары менен тарбия берели! 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь