Жалал-Абад: Бир партага үчтөн бала отуруп билим алат (фото)

291

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айыл өкмөтүндө жайгашкан Закиржан Бакиров атындагы №78 орто мектеби 270 окуучуга ылайыкталган болсо учурда бул окуу мекемесинде 900 дөн ашуун бала билим алат. Мектептин спорт залы дагы жок. Бул тууралуу eldik.media га окурман билдирди.

Мектептин дубалдары ирип-чирип, шыбактары түшкөнү калды. Жаңы мектептин пайдубалы быйыл жаз айынын башында башталмак. Бирок тендердеги келишпестиктен улам каражат бөлүнбөй жатат. Ажатканасы болсо үрөйдү учурат. Айрым класстарда бир партага үчтөн бала отуруп билим алат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь