Жалал-Абад: Катуу сабалган 2 жаштагы наристе чарчап калды

227

Жалал-Абадда оор абалда ооруканада жаткан 2 жашар кыз чарчап калды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматтарга ылайык, бүгүн 20-майда саат 16:20 чамасында кыз чарчап калган. Бул кайгыны уккан апасынын абалы оор. Учурда наристенин сөөгүн туугандары алып кетишти

7-майда Жалал-Абад областында 2 жашар наристе катуу сабалып оорукананын жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн.

Сузак райондук милициясы бул ишти жабыркаган кыздын жакындарынын көрсөтмөсү боюнча кокустук фактысы катары реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган.

Кийин беренеси өзгөрүлүп баланын денесине зыян келтирилген боюнча кылмыш иши козголгон. Катуу сабалган кыздын апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь