Владимир Зеленский бүгүн президенттик кызматына аттанып жатып Украина парламентинин азыркы курамын тарката турганын билдирди.
“Мен Жогорку Раданын 8-чакырылышын таркатам”,-деп билдирди Зеленский өзүнүн инаугурациялык сөзүндө.
Орусиялык басылмалар жазгандай, Зеленский инаугурацияга катышып жаткан өкмөттүн мүчөлөрүнө кайрылып, кызматынан кетүү боюнча арыз жазуу үчүн кагаз жана калем даярдап коюусун суранды. Жаңы президенттин айтымында, министрлердин иш бөлмөсүндө жакынкы шайлоону эмес, Украинанын келечегин ойлогон адамдар отурушу керек.
Бүгүн президенттин ант берүү аземине Латвия, Литва, Эстония, Грузия жана Венгриянын президенттери катышты. АКШнын делегациясын өлкөнүн энергетика министри Рик Перри баштап келди. Зеленскийдин инаугурациясына Виктор Януковичтен башка өлкөнүн бардык мурдагы президенттери чакырылган. Орусиянын өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүлгөн эмес.