Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий визит менен келет

223

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий визити пландалган. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков казак кесиптеши Бейбут Атамкулов менен жолугушуунун жүрүшүндө маалымдады.

Казактсандын министри Атамкулов 22-майда Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешине катышат.

Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын мамлекет башчысынын Кыргызстанга пландалган расмий визити тууралуу айтып, ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катыша тургандыгын билдирди.

Визиттин так күнү азырынча айтылган жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь