“Кыргызтелекомдун” Чүй филиалы 4,6 млн. сомдон ашык каражатты майга коротот(фото)

221

“Кыргызтелеком” ААКсынын Чүй облустук филиалы  4,682  млн. сомго күйүүчү-майлоочу каражаттарды сатып алууга тендер жарыялайт. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталда жарыялангандыгын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Анда 2019-жылдын 10-июнуна чейин аталган суммага продукцияны алып берүүчү тараптар арыз бериши керектиги жазылган жана бул арыз порталга ушул жылдын 17-майында илинген.

Эске сала кетсек, ушу тапта “Кыргызтелекомдун” 100 млн. сомдон ашык мамлекетке карызы бар экени ачык булактарда айтылып келет.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь