Россиянын Москва шаарында издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Милиция кызматкерлери адам сабагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 19 жаштагы кыргызстандыкты колго түшүрүшкөн. Маалыматка ылайык, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү аймактык укук-коргоо органдары тарабынан кармалган жаран Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2017-жылдын август айында 19 жаштагы М.А. аттуу жаран достору менен чогуу өздөрү менен тең жаранды сабап кетишкен. Андан кийин ал 2 жылдай Москва шаарында жашырынып жүргөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Жоопко тартуу үчүн шектүүнү мекенине жиберүү боюнча маселе аягына чейин иштелип жатат.