Мектеп мугалимдеринин орточо айлык акысы 13 миң 800 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.
Анын маалыматына караганда, жаш адис 8 миң сом алат.
“Айлык акы 3 бөлүктөн турат – базалык, кементе жана демөөрчү бөлүк. Базалык бөлүгү өтүлгөн сааттан турса, кементе бийик тоолуу жана башкалар үчүн төлөнөт. Демөөрчү бөлүк маянага кошумча 10% өлчөмүндө берилет”, – деди министр.
Ошондой эле, мугалимдер мамлекеттик ипотека боюнча менчик үйгө ээ болууга мүмкүнчүлүгү бар.