Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, бөлүм башчы Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүмүнө жумушка орноштуруу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. 17-майда аны кармоо учурунда автоунаасынан 30 миң сом табылган.
Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесине (“Опузалап пара талап кылуу”) ылайык кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди.