Орусиянын 24 жаштагы депутаты Кыргызстанга келет

214

Орусиянын эң жаш депутаты Василий Власов Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тогуз-Торо районунун  айылдык кеңешинин депутаты Нурсултан Бейшенбек уулу билдирди.

Анын айтымына караганда, Орусиянын мамлекеттик думасынын жаш депутаты Василий Власов  менен Нурсултан Бейшенбек уулу Москва шаарында жолугушкан.  Анда  Кыргызстандын активдүү жаштарын колдоорун билдирген. Ошондой эле, эки өлкөнүн ынтымагын бекемдөө максатында алдыда жакшы иштерди пландап жатканын кошумчалаган.

Июль айында 24 жаштагы депутат Власов Кыргызстанга келип, жаштар менен жолугушуу өткөрөөрүн билдирген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь