Кечээ 19-майда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Папан суу сактагычына жакын жерден чоң сел түшүп, Ак-Буура дарыясы катуу кирдеди. Натыйжада Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран, Резиденция кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду.
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы кабарлады. Таза сууну аймактарга жеткирүү үчүн төрт водовоз даяр турат.
105, 0553 200 105, 0225 105 105, 4-25-05, 0557 00-62-11 телефондору аркылуу билдирүүлөр кабыл алынат.