20-майга караган түнү Бишкектеги Киев менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги супермаркеттин жанынан 22 жаштагы жигит бычакталды.
Окуя түндө саат 3:00дөр чамасында болуп, кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери барган. Жигитти бычактаган деген шек менен 29 жаштагы киши кармалды. Жабыркаган жаран ооруканага жеткирилип, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген.