Ош шаарында сууга чөгүп кеткен 10 жаштагы кыздын сөөгү табылды.
19-май күнү Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына 2009-жылы туулган Ю.М. аттуу кичинекей кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.ӨКМдин куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 20:50дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштерин убактылуу токтотушкан. Натыйжа болгон эмес.
20-май саат 06:24тө издөө иштерин улантуу максатында Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, саат 06:35те маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.