Ысык-Көл областынын Каракол шаарында 27 жаштагы жигит көп кабаттуу үйдүн таштанды таштоочу түтүгүнө кыпчылып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-майда саат 23:45 чамасында 1992-жылы туулган жигит таштанды таштоочу түтүгүнө кыпчылып калган. ӨКМдин куткаруучулары барып, кептелип калган баланы алып чыгышкан. Андан соң тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.