Азимбек Бекназаров: “Күзүндө Жээнбековду “Кетсин!” деп чыкпайбыз”

365

Саясатчы Азимбек Бекназаров күзүндө президентти “Кетсин!” деп чыкпайт. Бул тууралуу маалыматты Азимбек Бекназаров “Жаңы ОРДО” гезитине билдирген.

– Сиз күзүндө “Кетсин!” деген талапты коёбуз деп жатасыз. Азыр аракеттеги президентти колдоп жатсаңар, күзүндө экс-президент дагы “Кетсин!” деп чыкса, ошол тарапка ооп кетпейсиңерби?

Биз азыркы президентти “Кетсин!” деп чыкпайбыз. Анын ишине күзүндө баа беребиз. Экс-президентке кошулуп кетпейбиз. Аныкы жеке кызыкчылык. Аны эч ким ээрчибейт. Ээрчибегенин көрүп атасыңар. Ошон үчүн өзүнүн деңгээлин Матраимовго чейин түшүрүп, маалымат каражаттары менен аны каралаганга аракет кылып жатат. Бул экс-президенттин деңгээли эмес. Атамбаевде “Кулматовду, Сапарды чыгарып бер” деген таарыныч. Биз мамлекет, улут үчүн күрөшүп жатабыз. Эл улут, мамлекет үчүн күрөшкөндү ээрчийт. Акчаны, таарынычты эл ээрчиген болсо, Атамбаевди ээрчип, дуулдап кетет эле да.

Булак: NazarNews.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь