19-майда Баткен облсунун Кадамжай районуна караштуу Шыбыран жайлоосунда чагылган тийген адам мерт болду. Бул тууралуу бүгүн 21-майда ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон адам Кадамжай районунун Алга айыл аймагынын Чукур айылынын 1980-жылы туулган тургуну Ж.Ш. болгон. Ал мал кайтарып жүргөн учурда чагылган тийген. Чагылган башына тийип, жүрөгүн тешип чыгып кеткени дагы айтылууда.