Буга чейин Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык жумушчусу Ф.А. аттуулар кармалышып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал эми Б.К. жана А.А. аттууга карата сот тарабынан сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы, А.Ф. аттууга карата эки айга камакка алуу чарасы тандалды. Андан сырткары, А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси кармалган .
Кылмыш ишинин алкагында өткөн жумада мурдагы ички иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев сурак берди.
Бүгүн, 2019-жылдын 21-май күнү, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында экс вице-премьер-министр Шамиль Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берди. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык ШамильАтаханов кармалып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.