Мексиканын социалдык тармагында “жаш бала” менен улуу жаштагы кыздын үлпөт тоюнан тартылган сүрөттөр талкууга түштү. Интернет колдонуучулар бул үй-бүлө келишим менен түзүлүп, балдарды сатуунун жолу деп божомолдой башташкан.Бирок окуянын аягы караманча башкача болуп чыкты.
Баш кошкон эки жаш Акапулько шаарынын жашоочулары. Джонатан окуучу баладай көрүнгөнү менен анын жашы 19да экендиги айтылды. Бала сейрек оорунун түрү менен ооругандыктан ушундай жаш көрүнөт.