Бир нече ирет уурулук кылган адам кармалды

200

Сокулук районунда бир нече ирет уурулук кылган адам кармалды. Чүй ОИИБнан маалымдагандай,  аймактык милиция бөлүмүнө Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочулары алардын үйлөрүнө кирип, үй оокаттарын уурдап кеткен адамдарга карата чара көрүүнү суранып, арыз жазышкан.  Келтирилген зыяндын баасы 40 миң сомду түзгөн.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө кызматтары тарабынан тиешелүү органдарга тапшырмалар берилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кылмышка бир нече адамдардын тиешеси бар экендиги аныкталып, шектүүлөрдүн бири Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы А.А., аттуу тургуну кармалган.

Экинчи шектүү жаран боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь