Газ баллон жарылып бир келин каза болду. Ал ооз ачарга тамак жасап жаткан

215

Өзбекстандын Фергана облусунун Риштан районунда газ баллон жарылып 32 жаштагы келин каза болду.

Келиндин коңшуларынын айтымында, жарылуу ал газ баллонун алмаштырып жатканда болгон.

«Ооз ачарга тамак жасап жаткан. Ошол маалда газ түгөнүп калып, баллонду алмаштырып жатканда жарылуу болду. Келин дароо ошол жерде мерт кетти. Анын артында 12 жаштагы кызы жана 9 жаштагы баласы калды»,- де؅ди коңшуларынын бири. Ал эми бул учурда келиндин жолдошу үйдө болгон эмес.

Риштан шаардык өрт коопсуздук кызматынан билдиришкендей, бул окуя боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин баштады.

Жергиликтүү укук коргоочу Баходир Элибоевдин айтымында, каза болгон келин жашаган «Тошогалик» аймагына Фергана облусундагы башка көптөгөн райондордой эле газ берүү токтотулган. «Газдын жоктугунан улам тургундар кооптуу болсо да газ баллондорун колдонууга аргасыз болуп келишет», — деди Элибоев.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь